Парламенттин айрым комитеттеринин аталышын кайра карап чыгуу сунушталды
Бүгүн, 26-февралда Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев парламенттин Координациялык кеңешинин жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу парламенттен маалымдашты.
Жыйынга төраганын орун басарлары, депутаттык топтордун башчылары, тармактык комитеттердин төрагалары жана аппараттын жетекчилери катышты.
Анда парламенттин ишмердүүлүгүнө жана мыйзам чыгаруу ишине байланышкан бир катар маселелер талкууланып, эл аралык иш-чараларга тиешелүү сунуштар каралды.
Төрага Маматалиев чет өлкөлөргө иш сапарларды уюштурууда бардык депутатка бирдей мүмкүнчүлүк түзүү талабын коюп, Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетине аталган маселе боюнча керектүү иштерди алып барууну тапшырды.
Ошону менен катар төрага мыйзам чыгаруу ишин жакшыртуу жана санариптештирүү саясатын күчтөндүрүү жаатындагы пикирлерин айтып, бул жаатта жасалып жаткан иштерге токтолду.
Мындын тышкары, жыйында Координациялык кеңештин мүчөлөрү айрым комитеттердин аталышын кайра карап чыгуу жана отурумдарга чакырылгандардын онлайн катышуусун камсыздоо жаатындагы сунуштарын беришти.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















