Уран Жузуп уулу Польша курама командасынын машыктыруучулар штабына дайындалды
Кыргызстан курама командасынын грек-рим күрөшү боюнча мурдагы башкы машыктыруучусу Уран Жузуп уулу Польшанын курама командасынын машыктыруучулар штабына дайындалды. Бул тууралуу спорт басылмалары жазышууда.
Маалым болгондой, ал консультант-машыктыруучу катары иштеп, команданы ири эл аралык мелдештерге - Европа жана дүйнө чемпиондуктарына, ошондой эле башка престиждүү турнирлерге даярдоого көмөк көрсөтөт.
Эскерте кетсек, өткөн жылдын сентябрында кураманын жалпы машыктыруучу тобу кызматтан кеткен. Мындай чечим Хорватиядагы мелдештин жыйынтыгынан кийин кабыл алынган. Бул арада Уран Жузуп уулу башкы машыктыручулуктан үй-бүлөлүк шартына байланыштуу кеткенин билдирген.
Белгилей кетсек, учурда грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстан курама командасынын мурдагы башкы машыктыруучусу Азат Эркимбаев Египеттин улуттук курама командасын машыктырат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















