Мыйзамдагы “жергиликтүү шайлоо комиссиясынын мүчөсү жогорку билимдүү болушу керек” деген норма жоюлат
Жогорку Кеңеште бүгүн, 23-январда “жергиликтүү шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү сөзсүз жогорку билимге ээ болушу керек” деген норманы алып сала турган мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Мыйзам долбоорун депутат Өмүрбек Текебаев демилгелеп жатат.
Өмүрбек Текебаев буга чейин айыл жеринде шайлоо комиссияларына мүчө болууну каалаган адамдардын баарынын эле жогорку билими жок, бирок алардын көпчүлүгү сабаттуу экенин айткан. Бирок аймактык шайлоо комиссияларынын төрагалары сөзсүз жогорку билимдүү болмокчу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

