super.kg logo
  Саясат  

Элвира Сурабалдиева Ташиев карматкан Токмоктун мурдагы мэри тууралуу маселе көтөрдү

 

Бүгүн, 26-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында дептутат Элвира Сурабалдиева Токмок шаарынын мурдагы мэри, камактагы Максат Нусубалиев тууралуу маселе көтөрдү.

Эл өкүлүнүн айтымында, экс-мэрдин апасы ага кайрылып, тергөө иштери тууралуу маалыматтарды беришпей жатканын билдирген.

"Бизди жолтушпайт же балабызды көрбөйбүз, анан эмне болуп жатканы тууралуу да ачык маалымат беришпейт" деп жатат. Сөздүн ачыгы "миллиарддап уурдагандар эркиндикте жүрүшөт" деди. "Алар камалса деле кичине акча төлөп чыгып кетишет экен. Анан ушундай учурларда коргой турган адамы жок биз" деп айтса, мага аябай жаман угулду. Токмок боюнча 1 миллиард чындап уурдалганбы? Эмне болуп жатат?",- деди Сурабалдиева.

Баш прокурордун орун басары Үмүткан Конкубаева тергөөнүн сыры сакталышы керектигин белгилеп, эл өкүлүнө жеке маалымат берүүнү убадалады.

Эске салсак, былтыр 24-июнда УКМКнын ошол кездеги башчысы Камчыбек Ташиев Токмок шаарында жыйын өткөрүп, жыйын учурунда шаар мэри Максат Нусубалиев кармалган.

Былтыр ноябрда Бишкектин Октябрь райондук соту аны Кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция" беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, мүлкүн конфискациялоо менен 13 жылга абакка кескен.







Элвира Сурабалдиева Ташиев карматкан Токмоктун мурдагы мэри тууралуу маселе көтөрдү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: