Ош аэропортундагы жаңы аэробекет комплексинин курулушу жүрүүдө
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ош эл аралык аэропортунун аймагында курулуп жаткан жаңы аэробекет комплексинин курулуш-монтаждоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралда мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, курулуштун жалпы аянты 26 миң чарчы метрди түзөт. Имарат алты блоктон - А1, А2, Б1, Б2, В1 жана В2 бөлүктөрүнөн турат. Курулуш иштери 2025-жылдын 25-апрелинде башталган.
"Бүгүнкү күнгө карата монолиттик иштер 95 пайызга аткарылып, инженердик тармактарды, анын ичинде электр менен камсыздоо, желдетүү, канализация, суу түтүктөрү жана өрт өчүрүүчү суу түтүктөрүн монтаждоо боюнча жертөлө бөлүгүндөгү иштер 80 пайызга бүткөрүлдү. Ал эми биринчи кабаттагы иштер долбоордук-сметалык документтерге киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө байланыштуу убактылуу токтоп турат",- деп белгиленди маалыматта.
Министр курулуш иштерин сапаттуу жана белгиленген мөөнөттө бүтүрүү, долбоордук-сметалык документтерге киргизилген өзгөртүүлөрдү ыкчам жыйынтыктоо жана жумушчулардын санын көбөйтүү аркылуу темпти күчөтүү зарылдыгын белгиледи.
Учурда курулуш иштеринде 120га жакын жумушчу эмгектенүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:05
2026-02-26
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















