Депутат тергөө абагындагы жарандардын тамак-ашы боюнча маселе көтөрдү (видео)
Жогорку Кеңештин 26-февралдагы жыйынында депутат Махабат Мавлянова тергөө абагындагы жарандардын тамак-ашына бөлүнгөн каражатка кызыкты. Айтымында, бул боюнча жарандар тарабынан ага кайрылуулар келип түшкөн.
Эл өкүлү "тергөө абагындагы жарандарга тамак-аш үчүн бюджеттен акча бөлүнөбү?",- деген собол узатты.
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан төрагасынын биринчи орун басары Нурлан Сарчаевдин айтымында, ЖАМКнын тергөө абагында отурган жарандардын тамак-ашына 120-160 сомго чейин каражат бөлүнөт.
"Тамак-аш норма менен бөлүнгөн. Үч маал берилет",- деди Сарчиев.
Депутат жарандардын кайрылууларын негиз кылып, тергөө абагындагы жарандарга тамак-аш берилбей жатканын белгиледи. Ошондой эле ЖАМКнын өкүлдөрүнөн бул маселени көзөмөлгө алууну суранды.
Депутат тергөө абагында тамак-аш боюнча
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















