Туманбаев: "Мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктү жылдын аягына чейин алмаштырса болот"
Кечээ, 25-февралда Ош шаарына иш сапары менен барган президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу боюнча жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүздү.
Ал кезек күтүүнүн ордуна онлайн алмаштыруу мүмкүнчүлүгү бар экенин билдирип, күбөлүктү алмаштыруу жыл аягына чейин жүргүзүлө турганын билдирди.
"Айдоочулук күбөлүктү 2026-жылдын аягына чейин алмаштырса болот. Онлайн алмаштыруу жүрүп жатат. Тааныштарга жеткиргиле. Кезек күтүп кыйналып турбагыла",- деди ал.
Буга чейин Туманбаев айдоочулук күбөлүктөрдү бекер алмаштыруу ушул жылдын 15-январынан 15-февралына чейин жеткиликтүү болорун билдирген. Буга улай социалдык тармактарда 083 маалымкатын алуу үчүн дарыгерлердин эшигинде топтолуп калгандардын видеосу тараган. Андан кийин онлайн алууда маалымкат керек эместиги маалымдалды.
Туманбаев: "Мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктү жылдын аягына чейин алмаштырса болот"
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















