super.kg logo

Эми муздан жабыркаган орусиялык жарандарга компенсация төлөнөт 

 

Муздан улам жабыркаган Орусиянын жарандарына компенсация төлөнөт. Бул тууралуу Орусиянын РИА новости басылмасына Мамлекеттик Думанын депутаты Дмитрий Свищев билдирген.

Андагы маалымат боюнча, муздан жаракат алган жарандар сот аркылуу 300 миңден 350 миң рублга чейин акчалай каражат өндүрүшсө болот. Бул акча дарыланууга жана башка чыгымдарга жумшалат. Жарандар муздан кулап кеткен учурда, ал жерди өз убагында тазалабаган тиешелүү мекеме күнөөлүү деп эсептелинет. Бул маселеде мыйзам толугу менен жабырлануучу тарапта болот.

Бирок жаран компенсация алуу үчүн керектүү жумуштарды аткарууга тийиш: музду сүрөткө тартып, ал жердеги күбөлөрдү видеого түшүрүп жана дарыланууга кеткен чыгымдардын дүмүрчөгүн сактап.

Акыркы учурда жолдогу муздан жабыркаган жарандар дарылануу үчүн 350 миң рублдей каражат коротуп жатканы эсептелген. Мындан улам компенсация төлөө маселеси каралган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: