Кара-Көлдө күйүүчү май ташыган унаа айдоочусу менен кошо күйүп кетти (видео)
Кара-Көл шаарында күйүүчү май ташыган унаа айдоочусу менен кошо күйүп кетти. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 25-февралда болжол менен саат 17:00 чамасында болгон. Анда аталган унаанын айдоочусу Бишкек - Ош унаа жолу менен Ош багытын көздөй бара жаткан.
"Кырсык болгон жерге ыкчам-тергөө тобу жөнөтүлгөн. Бишкек - Ош унаа жолунун 400-423-чакырымында карама-каршы тилкеде жүк ташуучу унаа жана ага чиркелген прицеп толугу менен өрттөнүп кеткен. Күйүп кеткен унаа өрт өчүрүүчүлөр тарабынан өчүрүлгөн",- деп билдирди милиция.
Кырсыктан улам Кара-Суу районунун 41 жаштагы Т.Ч. аттуу тургуну каза тапкан.
Учурда каза болгон адамдын жансыз денесине карата соттук-медициналык экспертиза дайындалып, окуянын бардык жагдайларын аныктоо боюнча тергөө иштери улантылууда.
Кара-Көлдө күйүүчү май ташыган унаа айдоочусу менен күйүп кеткен
0

Супер-Инфо
super.kg видео















