super.kg logo

Трамп Зеленский менен сүйлөшүүдө согушту бир айдын ичинде бүтүрүүнү каалай турганын айткан 

 

АКШнын президенти Дональд Трамп Украинанын лидери Владимир Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда Украинадагы согушту мүмкүн болушунча тезирээк бүтүрүүнү каалай турганын билдирген. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Анда эки лидердин сүйлөшүүсү жарым саатка созулган. Зеленский тынчтык келишимине 2026-жылдын аягына чейин кол коюлат деген үмүтүн билдирген, бирок Трамп согуштук аракеттер өтө узакка созулуп жатканын белгилеп, бир айдын ичинде бүтүшүн каалай турганын айткан.

Ал эми Украина басылмалары Трамп менен Зеленскийдин сүйлөшүүсү достук жана позитивдүү маанайда өткөнүн жазышты. Анда Зеленский Трампка бардык көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, согушту токтотуу үчүн Путинди Трамп гана мажбурлай аларын белгилеп өткөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: