Айыл чарба министри Акунбеков жазгы талаа иштери боюнча жетекчилерге тапшырма берди
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков бүгүн, 26-февралда министрликтин жамааты менен алгачкы жыйынын өткөрдү.
Акунбеков экс-министр Бакыт Төрөбаев баштап кеткен беш негизги багыт улантыларын белгилеп, түзүлгөн кесипкөй команданын ишин жогору баалады.
Ал "ушул курам менен натыйжалуу иш алып барабыз" деп кадрдык туруктуулукка көңүл бурарын айтты.
Жыйында министрдин биринчи орун басары Жаныбек Керималиев аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берсе, орун басар Мирбек Дүйшеев айыл чарба тармагындагы насыялоо программаларына токтолду.
Министрлик билдиргендей, учурда агроөнөр жай комплексин мамлекеттик каржылык колдоо боюнча жалпы суммасы 13 миллиард 180 миллион сомду түзгөн 9 долбоор ишке ашырылууда.
Акунбеков жамаатты интригасыз, ачык-айкын иштөөгө жана кыска убакытта жыйынтык көрсөтүүгө чакырды. Ал жазгы талаа иштерине даярдыктын абалы тууралуу толук маалымат алып, дыйкандарды үрөн, күйүүчү-майлоочу май, техника менен камсыздоо боюнча маселени үзгүлтүксүз көзөмөлгө алуу боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырма берди. Ошондой эле суу реформасын аягына чыгаруу - эң башкы артыкчылыктуу багыт болорун өзгөчө белгиледи.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















