Бишкекте милиция кызматкерлери жоголгон 1 миллион сомду ээсине кайтарышты
Бишкек шаарында милиция кызматкерлери жоголгон ири суммадагы акча салынган кол сумканы ээсине кайтарышты. Бул тууралуу 26-февралда Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.Маалыматка ылайык, аталган РИИБинин кызматкерлери жолдо баратып, Москва жана Фучик көчөлөрүнүн кесилишинде бордюрдун жанынан кара түстөгү кол сумканы байкашкан. Табылган буюмду текшеришкенде ичинен документтер жана акча салынган түйүнчөктөр табылган. Бөлүмгө жеткен соң документтерди текшерип, ээси менен байланышкан.
Кийин белгилүү болгондой, жаран жоготконун байкаганга да үлгүргөн эмес. Ал милиция бөлүмүнө чакырылып, барсетка өзүнө кайтарылган. Кызматкерлердин катышуусунда ал акча каражаттарын санап чыккан, дээрлик бир миллион сом жана бардык документтер толук сакталгандыгы аныкталган.
А.Т. аттуу жаран милиция кызматкерлерине ыраазычылык билдирип, жетекчиликке алардын чынчылдыгы жана ак ниеттүүлүгү үчүн сыйлоону өтүнгөн. Башкармалыктын жетекчилиги тарабынан Болотбек уулу Эламан менен Токтосун уулу Эркебекке ыраазычылык каттарын тапшыруу чечими кабыл алынды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2026-02-26
15:05
2026-02-26
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















