super.kg logo

Төрт адам каза болуп... Куба чек арачылары АКШдан келген катерди аткылап салышты

 

Кубада чек арачылар менен Флоридадан катер менен келгендердин ортосунда атышуу болуп, төрт адам каза таап, дагы жети киши жаракат алды. Бул тууралуу CNN'ге таянуу менен Tengrinews.kz кабарлады.

Катер Кубанын суусуна кирген

Катер Фальконес-Кей аралынын аймагында Кубанын аймактык сууларына кирген. Чек арачылар катерди текшерүүгө жакындаганда анын ичиндеги бир жаран ок чыгарып, командирди жарадар кылган. Чек арачылар жооп иретинде ок атып, атышуу башталган.

Катерде жалпы 10 адам болгон. Алардын ичинен эки киши мурда терроризм боюнча издөөдө жүргөн. Катерден автоматтар, тапанчалар жана жардыргыч заттар табылган.

АКШнын реакциясы

АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио бул окуяны Гаванадагы АКШ элчилиги иликтеп жатканын билдирди. Ал:

"Бул жерде эмнелер болгонун тактап чыгабыз жана андан кийин тиешелүү чараларды көрөбүз",- деп айтты.

Контекст

Окуя АКШнын Кубага карата басымын күчөтүп жаткан мезгилге туш келди. Мурда Дональд Трамп Куба бийлигин АКШнын коопсуздугуна коркунуч келтирди деп айыптап, Кубага мунай жеткирген өлкөлөргө бажы төлөмдөрүн киргизерин эскерткен.

Куба мунай блокадасынан улам гуманитардык кыйынчылыкка туш болгон. Испания жана Мексика февралдын ортосунда өлкөгө азык-түлүк жана медициналык жардам жөнөткөн. Куба бийлиги АКШ менен сүйлөшүүгө алдын ала шарттарсыз даяр экенин билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: