Депутат: "Тыюу салынганына карабастан жарандар кумар оюндарынан жапа чегип жатышат" (видео)
Бүгүн, 26-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улукбек Карыбек уулу Кыргызстандагы казино жана онлайн оюндардын ишмердүүлүгүнө жана талаптарына кызыкты.
Эл өкүлүнүн айтымында, өлкөдө казино оюндарына кирүүгө кыргызстандыктар үчүн тыюу салынганы менен андан жабыркагандар катталып жатат.
"Кыргызстанда 2022-жылы кумар оюндары боюнча мыйзам кабыл алынып, легалдаштырылган. Азыр мен үчүн шарттары, талаптары кызык болууда. Мыйзамга ылайык, Кыргызстандын жарандары үчүн кумар оюндарына тыюу салынганбы? Бирок тыюу салынганы менен учурда кумар оюндарынан канча адам жапа чегип жатат? Мындан улам социалдык чоң көйгөйлөр жаралууда. Азыр мектеп окуучулары, жөнөкөй жарандар кумар оюндарына дуушар болуп, жабыркап жаткандар бар. Буга тийиштүү чаралар көрүлүшү керек, көзөмөлгө алыңыздар",- деди депутат.
Ал эми башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева Кыргызстандын жарандары үчүн кумар оюндарына тыюу салынганын, бирок ал онлайн оюдарга тиешелүү эместигин билдирди.
Жогорку Кеңеш
0

Супер-Инфо
super.kg видео















