super.kg logo
  Саясат  

Туманбаев автомектептерде курсанттар окууга толук катышпай жатканын айтты (видео)

 

Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев автомектептерде окуу мөөнөтү 10 ай болушу тууралуу пикирин билдирип жатып, жаңы систем менен да тапшырган курсанттардын окууга келбей жаткандыгына токтолду.

Ал Ош шаарындагы "Унаа" мекемесиндеги жергиликтүү тургундар менен баарлашып жатып, айдоочулук күбөлүктү алуу акчага эмес, акылга байланыштуу экенин түшүндүрдү.

"Азыр айтып жатабыз 10 ай оор, кыйын деп. Бүгүнкү күндө бул практика жарандардын коопсуздугу үчүн. Кааласаңар 4 айда алгыла. Эң негизгиси - окуш керек. Анализ кылып карап көрсөк, курсанттар окууга барбай жатышат. Бир тайпага 18и жазылган болсо, анын төртөө эле сабактарга катышып жатат. Жакыш окугандар убагында экзамен тапшырып, айдоочулук күбөлүктү алышат. Мындан кийин аны сатып алабыз деген болбойт, баш менен окуп алабыз",- деди Туманбаев.

Эскерте кетсек, жеке менчик автомектептер толук жабылып, мамлекеттик мектептер кабыл алууну баштаган. Окутуу 10 айга чейин болору маалым болгон. Бирок аны 4 айга чейин кыскартып алуу мүмкүнчүлүгү бар экени маалым болгон. Мамлекеттик автомектерде окуу баасы 19 миң сом болору да айтылган.

Президент белгилеген мамлекеттик автомектептердеги артыкчылыктар тууралуу бул жактан окусаңыз болот.






Туманбаев автомектептеринде курсанттар сабакка толук катышпай жатканын айтты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: