Бишкектин Жибек Жолу көчөсүндөгү көпүрөнүн ачылышы кечигүүдө. Эмнеге?

Бишкек шаарында мурдагы Чыгыш автобекетинин жанындагы (Жибек Жолу проспектиндеги) көпүрөнүн ачылышы кечиктирилип жатат. Вице-мэр Рамиз Алиев курулушту өз көзү менен көрүп, кечиктирүүнүн себептерин социалдык тармактарда түшүндүрдү.
Көпүрөнүн курулушу негизинен бүтсө да, конструкциясынын туруктуулугун текшерүү үчүн атайын экспертиза талап кылынат. Вице-мэрдин маалыматы боюнча, курулуш бүткөндөн кийин 28 күн күтүү керек. Бул жумада техникалык өлчөмдөр алынып, кийинчерээк ачылыш күнү так белгиленет.
Көпүрөгө жакын жолду асфальттоо зарыл болсо да, аба ырайына байланыштуу иш убактылуу токтотулган.
Белгилүү болгондой, көпүрө жабык болгондуктан аймакта күн сайын унаа тыгындары пайда болууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:12
2026-02-26
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















