Журналисттер президентке, УКМКнын төрагасына кайрылуу жасашты
17 адамдан турган эркин журналисттер, басылмалардын жана медиа уюмдарын мүчөлөрү өлкө башчы Садыр Жапаровго, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Жумгалбек Шабданбековго жана Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыевге кайрылуу жасашты.
Анда акыркы жылдагы кысымга туш болгон журналисттердин, басылмалардын жагдайларын кайра карап чыгуу сунушталган.
"Акыркы жылдарда журналисттерге, жарандык коом өкүлдөрүнө жана активисттерге карата Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси жана башка беренелер боюнча козголгон иштер коомчулукта ар түрдүү ача пикирлерди жаратып келет. Коопсуздук органдарындагы соңку кадрдык өзгөрүүлөрдөн улам, коомчулук мындан ары бардык жагдайга жаңыча, калыс баа берүүгө мүмкүнчүлүк түзөт деп ишеним артып турат.
Адам укугуна, сөз эркиндигине байланыштуу маселелер коом үчүн өзгөчө сезимтал тема болуп саналат. Айрым медиалардын ишмердүүлүгүнө чектөөлөр киргизилгени, кээ бир журналисттердин кылмыш жоопкерчилигине тартылганы же өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгону элибизде тынчсызданууну пайда кылды.
Өлкөдөгү акыркы окуяларды, коопсуздук органдарын реформалоо боюнча кабыл алынган чечимдерди, ошондой эле коомчулуктун укуктук аныктуулукка жана адилеттүүлүккө болгон суроо-талабын эске алуу менен төмөнкү мүмкүнчүлүктөрдү карап чыгууну сунуштайбыз:
- 278-беренеге байланыштуу иштерге кошумча, көз карандысыз жана ар тараптуу талдоо жүргүзүү.
- Чыгарылган өкүмдөрдүн мыйзамдуулугун текшерүү. Негиз бар болгон учурда сот чечимдерин кайра кароо мүмкүнчүлүгүн талкуулоо.
- Процессуалдык мыйзам бузуулар орун алганы аныкталса, тиешелүү органдардын аракеттерине кызматтык жана укуктук баа берүү.
- ЖМК өкүлдөрүнүн, активисттердин укуктары тебеленген учурлар такталса, келтирилген зыяндын ордун компенсациялоо.
- Кылмыш куугунтугуна байланыштуу өлкөдөн чыгып кеткен жарандардын кайтып келишине укуктук шарттарды түзүү.
Биз бул кайрылууну мамлекеттик институттар менен жарандык коомдун ортосундагы ишенимди жана өз ара түшүнүшүүнү бекемдөө ниетинде жолдоп жатабыз. Ачык диалог, адилеттүү кароо жана мыйзамдуулукка таянган чечимдер өлкөбүздүн туруктуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт деп ишенебиз",- деп айтылат кайрылууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2026-02-26
15:05
2026-02-26
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(1)
nyrbekali87
26.02.2026. 14:58
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адам укугу тебеленген жерде адилеттүүлүк өспөйт, ач көздүк гүлдөйт.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















