super.kg logo

"Чоңдорго башка иш жокпу?" Абшыр-Атадагы соодагерлер президентке кайрылышты (видео)

 

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Абшыр-Ата эс алуу жайында дүкөн иштеткен соодагерлер президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошту.

Алардын айтымында, 3 жыл мурун жаңы аким дайындалып келгенде ишкерлердин соода түйүндөрү жылдырылып, жаңы салынган. Эми дагы жаңы аким дайындалып, алардын соода кылган түйүндөрү белгисиз мөөнөткө жабылууда.

"Биздин соода түйүндөрүбүздү жылдыргандан башка чоңдорго иш жокпу? Биздин жолдордо тротуар жок, ажаткана жок. Келген туристтердин баары биринчи ажаткананы сурашат. Ушуларды чечип анан биздин соода түйүндөрүбүзгө кийлигишсин. Туристтик зонага чейин мектеп бар. Ал жактан чыккан окуучулар тротуар жоктугунан унаа жолу менен эле келип-кетип жүрүшөт",- деди соодагерлердин бири.

Ишкерлердин айрымдары банктан насыя алып иштеп жатканын билдиришсе, кээ бири 2 ай гана туристтер келип, каражат табууга мүмкүнчүлүк болорун белгиледи. Алар өлкө башчысынан 3 жыл мурун курулган соода түйүндөрүн жылдырбай, азыркы ордунда калтырууну суранышууда.

Белгилей кетсек, өткөн жылдын 21-ноябрында президент Ноокат районунун акими кылып Данияр Шейшекановду дайындаган.

Садыр Жапаров ишкерлерге кысым көрсөтүүгө жол берилбеши керектигин белгилеп, күч түзүмдөрүнө эскертүү берген. Бирок анда мамлекеттик жетекчилер тууралуу сөз болгон эмес.






Абшыр-Атадагы сатуучулар президентке кайрылышууда

Абшыр-Атадагы сатуучулар президентке кайрылышууда

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: