"Мандатын да караш керек". Депутат кесиптеши Ажибаевдин атасы тууралуу маалыматтарды иликтөөнү талап кылды
Бүгүн, 26-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Исманали Жороев социалдык тармактарда кесиптеши Чыңгыз Ажибаевдин атасынын аты аталган маалыматтар тарап жатканын айтып, анын иликтенишин талап кылды.
"Депутаттын атасынын кылмыштуу чөйрөгө тиешеси бар экендиги тууралуу маалыматтар тарап, коомчулукта талкуу жаратууда. Мындай маалыматтар коомчулукту дүрбөлөңгө гана салбастан, жалпы парламенттин аброюна олуттуу көлөкө түшүрүп жатат. Ушуга байланыштуу тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан мыйзам чегинде укуктук баа берилиши зарыл деп эсептейм.
Эгерде көрсөтүлгөн жагдайлар такталса, элдин бийликке болгон ишенимин сактоо максатында депутаттын кызмат орду гана эмес, мандаты боюнча да тийиштүү чечим кабыл алынышы керек",- деди ал.
Мунун алдында депутат Чыңгыз Ажибаев парламент төрагасынын биринчи орун басары кызмат ордун тапшырып берген.
Депутат кесиптеши Ажибаевдин атасы тууралуу маалыматтарды иликтөөнү талап кылды
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















