Бишкекте дагы бир ири алдамчылыкка шектүүлөр кармалышты
Бишкекте 22 миллион сомдон ашык суммадагы ири алдамчылыкка шектүүлөр кармалышты. Бул тууралуу шаардык милиция билдирди.
Маалым болгондой, Свердлов райондук милициясына Ч. Г. аттуу жаран арыз менен кайрылып, өздөрүн УКМКнын, Улуттук банктын кызматкерлери катары тааныштырган белгисиз адамдарга чара көрүп берүүнү суранган. Шектүүлөр алдоо жолу менен жабырлануучудан 22 миллион 130 сом алышкан.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголду.
Шектүү катары 2002-жылы туулган Т.Ж. жана 2006-жылы туулган К.Э. аттуу жаран кармалды. Тергөө уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:32
2026-02-26
10:23
2026-02-26
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















