super.kg logo
  Саясат  

"Баарын убакыт көрсөтөт". Вице-спикерликтен кеткен Чыңгыз Ажибаев үн катты

 
Жогорку Кеңештин төрагасынын биринчи орун басары кызматын тапшырып берген Чыңгыз Ажибаев өз каалоосу менен чечим чыгарганын билдирди.
Эл өкүлү ошондой эле ал тууралуу айтылган маалыматтарга да комментарий берди.
"Мен бүгүн өз каалоом менен Жогорку Кеңештин төрагасынын биринчи орун басары кызматын тапшырдым. Кечээтен бери мага күйүп-бышып, түйшөлүп чалып жаткан колдоочуларыма, шайлоочуларыма терең ыраазычылык билдирем.
Менин айланамда кимдер ушак таратып, каралоолорду уюштуруп жатканы бүгүн дагы бир жолу ачыкка чыкты. 2-3 адам жана 4-5 фейк аркылуу каралоо компаниясын уюштуруп, анысын эң бийик трибунага алып чыккандарга да Кудай бар. Алар 5 жыл мурдагы шайлоодо колдонгон жомокторун кайра токуп, жалган маалыматтарды таратып жатышат. Баарын убакыт көрсөтөт, баарына шайлоочулар тараза.
Менин мандатымды эл берген жана шайлоо алдында берген убадаларымды аткарууну уланта берем. "Ит үрө берет, кербен жүрө берет". Биз бирөөлөрдүн акысына кирбейбиз жана эч ким тууралуу ушак айтпайбыз. Ниетибиз түз, багытыбыз туура",- деп жазды ал социалдык тармактагы баракчасына.
Айта кетсек, парламенттин отурумунда ал кызматын тапшыргандан кийин депутат Исманали Жороев социалдык тармактарда кесиптеши Чыңгыз Ажибаевдин атасынын аты аталган маалыматтар тарап жатканын айтып, анын иликтенишин талап кылды.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: