super.kg logo

Орусия менен Украина курман болгон аскерлеринин сөөктөрүн алмашты 

 

Орусия менен Украина курман болгон аскер кызматкерлеринин сөөктөрүн алмашты. Бул тууралуу орус президентинин жардамчысы жана Украина менен сүйлөшүү боюнча орус делегациясынын башчысы Владимир Мединский Telegram каналына жазган.

Андагы маалымат боюнча, согуштан каза болгон 1000 украин жоокеринин сөөгү Украинага өткөрүлүп берилген. Ал эми курман болгон 35 орус жоокердин сөөгү Орусияга тапшырылган.

Орусиянын жергиликтүү басылмалары маркум аскерлердин денелери жүк ташуучу унаалардан түшүрүлүп жаткан сүрөттөрдү жарыялады.

Белгилей кетсек, буга чейинки алмашуу ушул жылдын 29-январында болгон. Андан Киев Москвага 26 орус аскеринин сөөгүн берип, 1000 өлгөн украин жоокеринин сөөгүн алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: