Манасчылардын мушташы эсиңиздеби? Сабак болуу үчүн сынактарга 2 жылга тыюу салынганы айтылды
"Манас" театрынын директору Нурбек Талантбеков "Биринчи радиого" курган маегинде манасчылардын сынагын өткөрүүгө эки жылга тыюу салынганын билдирди.
Ал чечимди Маданият министрлиги тарабынан түзүлгөн комиссия кабыл алганын белгилеп, бул нерсе манасчыларга сабак болушу керектигин айтты.
"Себеби, төкмө акындарда 10 миллиондоп байге коюлуп, баш байгеге 4 миллиондук батирлер берилип, эч кандай уруш-талашы жок эле ынтымактуу өткөрүп жүрүшөт. Спорт сыяктуу башка тармактарда деле мындан чоң байгелер берилип жүрөт”,- деген ал.
Айта кетсек, былтыр 9-декабрда социалдык тармактарда “Манас” театрында бир катар манасчылардын ортосунда чыр-чатак чыккандыгы тууралуу маалыматтар тараган. Жагдайды жеринде тактоо жана объективдүү баалоо үчүн Маданият министрлиги тарабынан атайын комиссия түзүлгөн.
Кийинчерээк Рысбай Исаков токмоктолгону айтылган Асаналы Калил уулуна жеке маселени жекече чечип алууну сунуштап, кайрылуу жасаган. Асаналы Калил уулу Facebook баракчасы аркылуу кайрылуу жасап, болгон окуянын чоо-жайын айтып берген. Кийин эки тарап элдешкен.
Манасчылардын мушташы эсиңиздеби? Сынактарга 2 жылга тыюу салынганы белгилүү болду
0

Супер-Инфо
super.kg видео















