super.kg logo

"Төрт мезгил туристтерди кабыл ала турган жай..." Ноокаттын акими Абшыр-Ата боюнча жооп берди 

 

Ош облусунун Ноокат районунун акими Данияр Шейшеканов Абшыр-Ата эс алуу жайын жыл бою иштей турган форматка өткөрүү боюнча долбоор даярдалып жатканын билдирди. Анын айтымында, учурдагы соода түйүндөр талапка жооп бербейт.

Буга чейин аталган жайдагы соодагерлер президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоп, соода түйүндөрү 3 жыл мурун эле жаңыртылганын билдиришкен.

Шейшеканов АРИС тарабынан каражат бөлүнүп жатканын белгилеп, заманбап дүкөндөрдү куруу пландалып жатканына токтолду.

"Соода түйүндөр жылат. Алардын учурдагы темир күркөлөрү талаптарга жооп бербей, туристтер келгенде жагымсыз жагдайды жаратууда. Андыктан АРИСтен 600 миң доллар каражат бөлүнүп жатат (сомго 52 миллиондон ашык). Ал акча каражатына соодагерлерге башка жактан заманбап дүкөндөрдү салып беребиз. Ага жанаша эс алуучу жайга кирүү үчүн төлөм жүргүзүүчү пунктар ачылат. Мындан тышкары, шаркыратмага чыгуучу тепкичтер оңдолот. Ал эми жергиликтүү бюджеттен болсо соодагерлердин азыркы турган жерине, суунун үстүндө эс алуучулар айланага көз чаптырып туруучу терраса курабыз. Ага улай тротуарлар, ажатканалар курулат. Бардык талаптар каралып, жаратылыш кырсыктары учурундагы коопсуздук да эске алынат. Курулуш жаз айларында жүрөт. Бир айдын ичинде долбоор боюнча иштер бүтүп, курулуш башталат. Абшыр-Ата эс алуучу жайын "Ала-Арча" жаратылыш паркы сыяктуу төрт мезгил ичи туристтерди кабыл ала турган жайга айландырабыз", - деди Ноокаттын акими.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: