Бразилияда суу ташкынынан улам каза болгондордун саны 46 адамга жетти (видео)
Бразилиянын Минас-Жерайс штатында нөшөрлүү жааган жаандан улам суу ташкыны катталып, кырсыктан каза тапкандардын саны 46 адамга жетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, учурда дагы 21 адам дайынсыз болууда. Аталган аймакта нөшөрлүү жаандан улам өзгөчө кырдаал режими жарыяланган. Мындан тышкары 400дөн ашык адам турак жайсыз калып, 3 миңден ашык адам эвакуацияланууга мажбур болгон.
Социалдык тармактарга жарыяланган сүрөт, видеолордон талкаланган үйлөрдү, көчөлөргө толгон сууну көрүүгө болот. Жергиликтүү бийлик февралда жаан-чачын буга чейинки климаттык нормадан эки эсе көп болгонун билдирген.
Учурда табигый кырсык катталып жаткан аймакка куткаруучулар тартылып, жардам көрсөтүү уланууда.
Бразилияда суу ташкынынан улам каза болгондордун саны 46 адамга жетти
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:21
2026-02-26
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















