super.kg logo

Чүйдө жер участогун мыйзамсыз ээлеп алган шектүү кармалды

 
Чүй облусунда 4 гектар жер участогун мыйзамсыз ээлеп алган шектүү кармалды. Бул тууралуу 26-февралда облустун милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 28-январда 1978-жылы туулган Д.А. аттуу Бишкек шаарынын тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Анда Ж.Э. аттуу жаран анын 4,05 гектар аянттагы айыл чарба жер участогун мыйзамсыз ээлеп алып, жердин максаттуу колдонулушун бузган курулуш иштерин жүргүзгөн.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 212-беренеси (Бөтөн жер участогун өзүм билемдик менен ээлеп алуу жана максаттуу багытын бузуу менен айыл чарба багытындагы жерлерге өзүм билемдик менен курулуш куруу) боюнча кылмыш иши козголду.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1966-жылы туулган Ж.Э. аттуу жаран аныкталды.
Учурда кылмыш иши боюнча тергөө уланып жатат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: