Америкалык инвесторлордун агымы: Гренландияда баалар өсө баштады
Гренландиянын бийлиги чет элдик инвестициялар тууралуу мыйзамды кайра карап чыгууда. Мындай кадамга барууга борбор калаа Нуук шаарындагы кыймылсыз мүлккө болгон суроо-талаптын кескин өсүшү себеп болууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, 2025-жылдын январь айында АКШнын президенти Дональд Трамп аралга байланыштуу көзөмөлдү күчөтүү ниетин кайрадан билдиргенден кийин, Нууктагы юристтик жана риелтордук компанияларга америкалык жарандардан көптөгөн суроо-талаптар түшө баштаган. Буга чейин шаардагы турак жай рыногуна чет элдиктер анчейин кызыкдар эмес болчу.
Бийлик өкүлдөрү турак жай рыногунда баалардын жогорулап кетүү коркунучу жана жергиликтүү калк үчүн жеткиликтүүлүктүн азайышы мүмкүн экенин белгилешүүдө. Ошондуктан чет элдик инвестицияларды жөнгө салуучу мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси каралууда.
Бул жагдай Гренландиядагы геосаясий кызыкчылыктар менен экономикалык процесстердин өз ара байланышын дагы бир ирет көрсөттү.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















