super.kg logo

Атактуу актёр тартылган Кыргызстан тууралуу тасманын бет ачары Лондондо болду

 
Кечээ, 25-февралда Улуу Британиянын Лондон шаарында "Beyond the Silk Road" аттуу Кыргызстан тууралуу даректүү тасманын расмий бет ачары болуп өттү. Бул тууралуу Маданият министрлиги кабарлады.
Маалымдалгандай, аталган тасма өлкөнүн керемет жаратылышын, бай тарыхын, кайталангыс маданиятын жана кылымдарды карыткан көчмөн салттарын чагылдырууга арналган. Тасманын тартуулары 2025-жылдын жай айларында Кыргызстан аймагында жүргүзүлгөн.
"Долбоордун башкы каарманы жана алып баруучусу белгилүү британиялык актёр, BAFTA сыйлыгынын ээси, "Алтын глобус" жана "Эмми" эл аралык сыйлыктарынын талапкери Доминик Уэст. Даректүү фильм Кыргызстандын аймагындагы Улуу Жибек жолунун багыттары боюнча жасаган сапарына арналып, дүйнөлүк көрүүчүлөр үчүн Борбор Азиянын жүрөгүнө өзгөчө маданий саякат тартуулайт. Тасма 2026-жылы кеңири эл аралык прокатка чыгары күтүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: