Орусия АКШга ыраазычылык билдирди: Украина боюнча сүйлөшүүлөр уланууда
Орусия АКШнын Украина маселеси боюнча аракеттерин жогору баалаарын билдирди. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков маалымдаганын орус басылмалары жазышты.
Анын айтымында, америкалык тарап украин маселеси боюнча ишин улантып жатат жана Москва бул аракеттер үчүн ыраазы. “Баары өз ишин улантууда, анын ичинде америкалык сүйлөшүүчүлөр да бар. Биз алардын аракеттерин жогору баалайбыз”, — деди ал журналисттерге.
Орусия, АКШ жана Украина делегацияларынын кезектеги жолугушуусу 17–18-февралда Женева шаарында өткөн. Жыйынтыгында орусиялык делегацияны жетектеген президенттин жардамчысы Владимир Мединский жакын арада жаңы жолугушуу болорун билдирген.
Ал эми Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин катчысы Рустем Умеров сүйлөшүүлөрдө белгилүү бир жылыштар бар экенин белгилеген.
Тараптардын диалогу уланып жатканы эл аралык коомчулук тарабынан тыкыр көзөмөлдөнүүдө.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















