super.kg logo
  Саясат  

Ысык-Көлдө Кыргызстандын чек арачылары менен белгисиз адамдардын ортосунда атышуу болду

 

2014-жылдын 23-январында Ысык-Көл чек ара кошуунунун жоопкерчилигиндеги "Ак шыйрак" тилкесинде Кыргызстандын чек арачылары менен белгисиз адамдардын ортосунда атышуу болду. Бул туурасында Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, белгисиз адамдар аңчылык чарбасынын кызматчысын өлтүрүп, анын куралын тартып алышкан. Окуя болгон жерге келген чек арачыларга белгисиз адамдар ок чыгарышып, эки тараптын ортосунда атышуу болгон. Атышуу учурунда эки укук бузуучу каза болду. Азыркы тапта кылмышкерлер “Пикертык” жылынуучу жайында чек арачылардын курчоосунда турушат. Окуя болгон жерге Чүй чек ара отрядынын атайын даярдыктагы бөлүгүнүн тобу учуп кетти. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: