Жээнбек Кулубаев “Борбордук Азия - Улуу Британия” жолугушуусуна катышты
Бүгүн, 26-февралда Лондон шаарында “С5+UK” форматындагы министрлер жолугушуусу өтүп, ага Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Улуу Британиянын өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушууда соода, инвестиция, транспорт жана заманбап чакырыктарга каршы кызматташтык талкууланып, “С5+UK” форматы системалуу диалог үчүн маанилүү аянтча экени белгиленди.
Министр Жээнбек Кулубаев Борбордук Азиянын стратегиялык жайгашканын, бай ресурстарга жана транзиттик мүмкүнчүлүктөргө ээ экенин, чек ара маселелерин тынчтык жолу менен чечкенин, ошондой эле Улуу Британия менен экономикалык жана билим берүү тармактарында кызматташтыкты кеңейтүүнүн актуалдуулугун айтты.
Бир тараптуу санкциялар аймактык соода жана инвестицияга терс таасир этпеши керектиги баса белгиленди, кыргыз тарап ачык жана конструктивдүү диалогго даяр экенин билдирди.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















