Ким Чен Ын өлкөсүнүн ядролук потенциалын күчөтүүнү пландаштырууда
КЭДР лидери Ким Чен Ын Пхеньянда өткөн аскер парадында өлкөнүн ядролук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү улантуу ниетин билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Анын айтымында, өзгөчө көңүл ядролук куралдардын санын көбөйтүүгө жана аларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүгө бурулат.
Ошондой эле Ким Чен Ын күчтүү аралыкка жетүүчү баллистикалык ракеталарды, жасалма интеллект жана учкучсуз аппараттар технологияларын колдонгон сокку системаларын иштеп чыгуу пландарын айткан.
АКШ менен мамилелерге токтолуп, лидер алардын жакшырышы Вашингтондун позициясына жараша экенин белгиледи. АКШ каршылыктан баш тартса жана КЭДРдин учурдагы статусун таанып, конструктивдүү диалог жүргүзүүгө даяр болсо гана мүмкүнчүлүк бар экенин айткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:21
2026-02-26
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















