Адылбек Касымалиев JDS программасынын 20 жылдык форумуна катышты
Бүгүн, 26-февралда Бишкек шаарында Жапониянын адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча гранттык стипендиялык программасынын JDS Кыргыз Республикасында ишке ашырылышынын 20 жылдыгына арналган форум өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышты.
Өкмөт башчы адам капиталын өнүктүрүү өлкөнүн узак мөөнөттүү стратегиялык приоритети экенин белгилеп, JDS программасын мындан ары кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди. Анын айтымында, 20 жыл ичинде 300дөн ашуун кыргызстандык Жапониянын алдыңкы жогорку окуу жайларында билим алышкан.
Касымалиев Жапониянын экономикалык өнүгүү тажрыйбасы Кыргызстан үчүн үлгү экенин айтып, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн ИДПсынын өсүшү 11,1 пайызды түзгөнүн маалымдады. Акыркы төрт жылдагы орточо өсүш 10,2 пайызга жеткен. Өкмөт бул өнүгүүнү “Ак илбирстин секириги” деп атап, экономикалык керемет жаратууга умтулуп жатканын билдирди.
Ал ошондой эле JDS программасы мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө жана кесипкөй кадрларды даярдоого багытталган узак мөөнөттүү стратегиялык механизм экенин баса белгиледи.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















