super.kg logo

Жалал-Абад облусунда жаңы административдик имарат курулууда

 

Манас шаарында жаңы административдик имараттын курулушу жүрүүдө. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусуна караштуу Манас шаарынын Ж. Абдурахманов көчөсү, 6/2 дарегинде Жалал-Абад регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы үчүн заманбап административдик имарат курулууда.

Жолугушуунун жүрүшүндө министр Нурдан Орунтаев жаңы имарат жакынкы убакытта пайдаланууга берилерин белгилеп, аймакты өнүктүрүүдө архитекторлордун жана шаар куруучулардын ролу өзгөчө мааниге ээ экенин айтты. Ошондой эле архитектура башкармалыктарынын имараттары инфраструктуралык өнүгүүнүн үлгүсү болушу керектигин кошумчалады.

Долбоорго ылайык, 3 кабаттан турган имараттын жалпы аянты 1000 чарчы метрди түзөт. Анда кызматкерлер үчүн бардык шарттар каралып, жарандарга сапаттуу жана жеткиликтүү кызмат көрсөтүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Курулуш иштери 2025-жылдын октябрь айында башталган.

Эске салсак, буга чейин башкармалыктын имараты эскилиги жетип, тар болгондуктан кызматкерлер ыңгайсыз шартта иштеп келишкен. Жаңы объект мамлекеттик бюджеттен эмес, министрликтин ички ресурстарынын эсебинен курулуп жатканы белгиленди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: