Бишкекте жаштар кыймылынын комьюнити-борбору ачылды
Бүгүн, 26-февралда борбор калаада “Кыргызстан жаштар кыймылынын” комьюнити-борборунун расмий ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, борбор президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде, Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан жаштар демилгелерин колдоо жана өнүктүрүү үчүн заманбап аянтча катары түзүлдү.
Жаңы борбор 2025-жылдын 10-ноябрында — Кыргыз Республикасынын Жаштар күнүндө ачылган "Жаштык" кичи аренасынын имаратында жайгашкан. Дал ошол күнү бул жерде өлкөнүн бардык аймактарынан келген активдүү жаштарды бириктирген "Кыялымдагы Кыргызстан" аттуу улуттук форум өткөн. Президент Садыр Жапаров аренага “Жаштык” деген ат ыйгарган.
Комьюнити-борбор Көчмөндөр оюндарынын ыктыярчылары үчүн штаб катары да кызмат кылат. Быйыл өтө турган маанилүү оюндарга 1000 ыктыярчы тартылары пландалууда.
Бул мейкиндик жаштар үчүн жолугушууларды, билим берүү программаларын, тренингдерди жана талкууларды өткөрүүгө, ошондой эле социалдык, маданий жана инновациялык долбоорлорду ишке ашырууга багытталат. Борбор жаштарга өз идеяларын иштеп чыгып, эксперттик жана мамлекеттик колдоо алууга шарт түзөт.
Аталган демилге мамлекеттик жаштар саясатын ишке ашырууда, жаштардын коомдук активдүүлүгүн арттырууда жана жаңы муундун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдө маанилүү кадам катары бааланууда.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















