Ооганстан Пакистанга каршы ири операция баштаганын билдирди
Кечээ, 26-февралда Ооганстандын армиясы Дюранд сызыгы боюнча Пакистанга каршы ири аскердик операция баштаганын жарыялады. Операциялар Хост, Пактия, Нуристан аймактарында жүргүзүлгөнүн чет элдик басылмалар жазышууда.
Ооган өкмөтүнүн өкүлү Хамдулла Фитраттын айтымында, ооган күчтөрү 1 аскердик базаны, 19 чек ара бекетин басып алган. 55 пакистандык аскер кызматкери жок кылынган.
Буга чейин Талибан өкүлү Забиулла Мужахид 15 өткөрмө пункту алынганын жана көп сандаган пакистандык аскерлер өлтүрүлгөнүн, айрымдары туткунга түшкөнүн билдирген.
Ал эми Пакистан тарап маалыматты четке кагып, чабуулга толугу менен жооп болгонун билдирди. Өлкөнүн коопсуздук булактарынын маалыматына ылайык:
- Ооган тараптан 44 аскер жок кылынган;
- Чек арадагы чабуулдар "себепсиз трансчекаралык кол салуу" болгон;
- Талибдер колдонгон квадрокоптерлер атып түшүрүлгөн.
Ошондой эле Ооганстандын Пактия провинциясындагы Данд-Ав-Патан районунда Пакистан тараптан соккулар жасалып жатканы, жарандар үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушканы кабарланууда.
Өткөн дем алышта Пакистан Ооганстан аймагына аба соккуларын жасаган. Исламабад кеминде 80 аскер жок кылынганын билдирсе, Кабул соккулар диний мектептерге жана турак жайларга тийгенин, Нангархарда кеминде 17 жай тургун каза болгонун маалымдаган.
Пакистан Кабулду өз аймагында чабуул уюштурган куралдуу топторго каршы чара көрбөй жатат деп айыптоодо. Ооган бийлиги бул айыптоолорду четке кагууда.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















