Бишкекте 5 миллион сом суммасында алдамчылыкка шектүү аял кармалды
Бишкек шаарында 5 миллион сом суммасындагы алдамчылыкка шектүү аял кармалды. Бул тууралуу 27-февралда Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.Маалыматка ылайык, С.А. аттуу жаран К.М. аттуу жарандын ишенимине кирип, зер буюмдарды сатуу шылтоосу менен жалпы суммасы 5 миллион 154 миң 600 сомдук алтын буюмдарды ээлеп алып, белгисиз тарапка качып кеткен.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1987-жылы туулган С.А. аттуу жаран кармалган. Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:56
2026-02-27
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















