"Бул таба эмес, тобо!" Шайлообек Атазов мурдагы спикерди интриган деп сынга алды
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шайлообек Атазов парламенттин мурдагы депутаты жана төрагасы Нурланбек Тургунбек уулун сынга алды."Нүзүптүн эстелигин ачып жатып Камчыбек Ташиевге “сиз биздин аталыксыз" деп саясий интриганы баштап, мамлекеттеги саясий туруктуулукка сокку урду, шынаа кагып жик салды. "Анда бүгүнкү күндүн Шералысы ким?" деген суроо коомчулукта пайда болду. "Анда Нүзүп аталыктын тагдыры кандай аяктайт?" деген суроо эл арасында жаралды. Шакиев бул сөзү менен эки достун ынтымагына жарака салды.
Жогорку Кеңеште да ким "пахта" коюп, 570, 600дүн ачкычтарын Шакиевдин (ред.: Тургунбек уулунун) колуна карматса, алар сүймөнчүлүккө айланды да, калгандарын бөлүп-жарып, жамандап иш козготуп, куугунтуктап олтурду. Кудайдан улук сүйлөп калган Шакиев баарыбызды БШКга каттатпай өзүм жана мени уккан "сүмбүлдөр" жана "дүмбүлдөр" гана келет деди эле… Өзүнө да "сүмбүлдөрүнө" да Жогорку Кеңеш буюрбай четинен кетип жатышат. Бул таба эмес, тобо!",- деп жазды ал социалдык тармактагы баракчасына.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:25
2026-02-27
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















