"Сосновкада" жүк ташыган унааларга убактылуу чектөө коюлду
Бүгүн, 27-февралда Бишкек - Ош унаа жолундагы Төө-Ашуунун 132, 133 жана 136-чакырымдарында карды атайлап түшүрүү иш-чаралары өткөрүлөт. Бул боюнча Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы кабарлайт.Буга байланыштуу саат 09:00дөн тартып "Сосновка" постунан оор жүк ташуучу унаалар үчүн убактылуу чектөө киргизилди. Ал эми өлкөнүн башка унаа жолдорунда каттам бар, жол ачык.
Учурда жол тейлөө кызматтары тарабынан кар тазалоо, кум-туз аралашмасын себүү жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















