Экс-депутат мурдагы спикер Нурланбек Тургунбек уулун дебатка чакырды
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шайлообек Атазов парламенттин мурдагы депутаты жана төрагасы Нурланбек Тургунбек уулун "каражолтой" деп атап, бир катар саясатчылар анын курмандыгы болгонун айтты.
Ал мурдагы спикерди саясий интриганы баштоочу катары сынга алып, анын Нүзүп аталыктын эстелигинин ачылышында сүйлөгөн сөзүн эске салды. Атазов ошондой эле Тургунбек уулун ага кылмыш ишинин козголушуна кызыкдар болгонун белгилеп, аны теледебатка чакырды.
"Бизди кыйнаган Шакиевдин беткапсыз чыныгы жүзүн коомчулук билүүгө акылуу. Ал эми Шакиевди рингге эмес, саясий теледебатка чакырам. Азыр экөөбүз тең депутат эмеспиз. Каалаган телеканалга келип, жигитче дебатка чыксын",- деп жазды ал социалдык тармактагы баракчасына.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:25
2026-02-27
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















