Улуу Британиянын коргоо министри Эпштейн тууралуу жаңы иликтөөгө буйрук берди
Улуу Британиянын коргоо министри Жон Хили америкалык чуулгандуу финансист Жеффри Эпштейн боюнча жаңы изилдөө иштерин баштоого байрук берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Анда жазылган маалыматтар боюнча, аталган министрлик өлкөнүн аба күчтөрүнүн базаларын Эпштейн адам сатуу аткезчилиги үчүн колдонушу мүмкүн экенине шектенген. Мындан улам Жон Хили кызматкерлерине бул окуя боюнча фактыларды дыкат иликтөөгө буйрук кылган.
Мындай шектенүүлөргө Улуу Британиянын падышасы Карл III'нүн иниси, мурдагы ханзаада Эндрю Маунтбеттен-Виндзордун Эпштейн менен жакын мамиледе болгону себеп болгон. Министр Жон Хили мурдагы ханзада аба күчтөрүнүн базаларын финансист менен жолугушуу үчүн пайдаланган болушу мүмкүн деп болжолдойт.
Учурда Коргоо министрлиги архивде 20 жылдан бери сакталган документтерди иликтеп жатат. Анда аба күчтөрүнүн базалары менен финансисттин жеке учагын байланыштырган маалыматтар каралат.
Маалымат үчүн:
2019-жылы америкалык финансист Жеффри Эпштейнге АКШда жашы жете электерди сексуалдык эксплуатация максатында сатууга байланыштуу айып коюлуп, ага 40 жылга чейин эркинен ажыратуу коркунучу жаралган. Айыптоочулардын маалыматы боюнча, ал 2002-2005-жылдары ондогон жашы жете элек кыздар менен жыныстык байланышта болуп, кээ бирлерине жаңы кыздарды алып келүүгө буйрук берген. Айрым жабырлануучулардын 14 жашка да толо элек болгону айтылган.
Эпштейндин жансыз денеси 2019-жылы сот процесси жүрүп жатканда абактан табылган. Расмий маалыматтар боюнча, ал өзүнө кол салган. Бирок анын өлүмүнө байланыштуу көптөгөн божомолдор айтылып келет.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















