super.kg logo
  Саясат  

Украина. Львов шаарында набыт болгон демонстранттарга аза күтүү жарыяланды

 

22-январга караган түнү Киевдин борбордук бөлүгүндө нааразылыкка чыккандардын экөөсүн атып кетишти. Мындан сырткары Борисполь шаарчасынан алыс эмес жерден дагы бир жансыз дене табылган.

 

Львов шаарынын башчысы Андрей Садовый 23-январды каза болгон демонстранттарга байланыштуу аза күтүү күнү деп жарыялады. Бул тууралуу аталган шаардык кеңештин басма сөз кызматы маалымдаган.

Шаардагы имараттарга аза күтүүчү ленталар байланып, шаңдуу музыкаларга чектөөлөр коюлат. 22-январда кечинде Армян кафедрасында Киевде каза болгон Сергей Нигояндын элесине шамдар күйгүзүлгөн.

Киевдин Грушев көчөсүндөгү демонстранттар менен полициянын кагылышында 22-январда 22 жаштагы Сергей Нигоян,  Днепропетров облусунун тургуну Михаил Жизневский каза тапкан. Борисполь шаарчасында Юрий Вербицкий менен активисттердин бири Игорь Луценконун сөөгү табылган. Ошондой эле бир катышуучунун ооруканада каза тапканы маалым болгон. 

19-январда башталган кагылышта демонстранттар таш, күйүүчү май куюлган бөтөлкөлөрдү ыргытышса, тартип коргоочулар көздү ачыштыра турган газ чачып, кулак тундурган граната, союл колдонушкан. Активисттер полиция ок чыгарганынан адамдар каза болууда дешсе, Ички иштер министрлиги полиция кадимки окту колдонбогонун айтууда. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: