super.kg logo

"Оператордон" чалуу: шылуундар экенин кантип билүү керек?

 

Телефон шылуундары барган сайын өздөрүн уюлдук операторлордун кызматкерлери катары көрсөтүшүүдө. Ишенимдүү ишкердик тон менен алар абонентке ойдон чыгарылган көйгөйлөр жөнүндө кабарлашат: мисалы, бөгөттөөдөн качуу үчүн номерди тез арада ырастоо же келишимди узартуу керек. Андан кийин дароо эле жөнөкөй чечимди сунушташат – SMS аркылуу келген кодду айтуу керек.

Эгер сизге ушундай чалуу түшсө, анда сизди алдап жатышканын түшүнүү маанилүү. Beeline Кыргызстан мындай кырдаалдарда сергек болууга чакырат. Компаниянын чыныгы кызматкерлери эч качан SMS аркылуу келген коддорду, PIN-коддорду же башка купуя маалыматтарды айтууну суранышпайт, ал эми абоненттерге телефон аркылуу эч нерсени узартуунун кереги жок. Шылуундар сиздин аккаунттарыңызга, банктык тиркемелериңизге же жеке маалыматыңызга жетүү үчүн атайын басымды жана шашылыштыкты колдонушат.

Бир нече жөнөкөй, бирок натыйжалуу эрежелерди эстеп алыңыз:

  • Эч кимге SMS аркылуу келген коддорду айтпаңыз, ал тургай сүйлөшүп жаткан адам өзүн оператормун деп тааныштырса дагы;
  • Шектүү билдирүүлөрдөгү шилтемелерге өтпөңүз;
  • Эгерде сүйлөшүү күмөндүү болуп көрүнсө, сизге коркунуч туудурса же дароо аракеттенүүнү талап кылса - аны дароо токтотуу керек.

Кандайдыр бир шектенүү пайда болгон учурда Beeline байланыш борборуна *611 номери аркылуу кайрылсаңыз болот. Ар бир мындай сигнал шылууундук схемаларды аныктоого жана алдамчылыктын жаңы аракеттерин алдын алууга жардам берет.

Көңүл буруңуз жана бул эрежелер жөнүндө жакындарыңызга, айрыкча улуу муундагы туугандарыңызга сөзсүз айтып бериңиз. Маалымдуулук жана этияттык телефон шылуундарынан эң ишенимдүү коргоо болуп саналат.

Beeline — оператордон дагы артык.

КРнын СӨжИТМге караштуу БТЖСККнын 21.12.2016-жылдагы №15-1420-КР, 21.12.2016-жылдагы №16-1526-КР, 17.09.2024-жылдагы №14-1102-КР, 04.11.2024-жылдагы №14-1125-КР, 18.08.2025-жылдагы №16-0089-КР, 06.10.2021-жылдагы №21-0489-КР жана 07.02.2020-жылдагы №20-0388-КР уруксаттамалары.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: