super.kg logo

Кулагын тиштеп үзүп алган... Кочкор-Атада 33 жаштагы жаран кайнисин бычактоого шектелүүдө

 
Кочкор-Ата шаарында 33 жаштагы жаран кайнисин бычактоого шектелүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 13-февралда түндө болгон. Ал күнү 31 жаштагы жаран бир тууган жездесинин үйүнө барып, кайра өзүнүн үйүнө кайтып бара жаткан. Ошол учурда жездеси артынан келип, байкатпастан бычак менен көкүрөгүнө жана башына сайган, ошондой эле сол кулагын тиштеп үзүп алган. Жездеси мас абалында болгон.
Жабырлануучу 14-февралга караган түнү шаардык оорукананын хирургия бөлүмүнө жаткырылган. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголуп, шектүү кармалган. Ноокен райондук соту аны үй камагына чыгарган.
Учурда тергөө иштери уланууда.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: