"Жакшылыктарда жарышып жүрө берели". Ырчы Айпери Кулбаева 39 жашка чыкты
Белгилүү ырчы Айпери Кулбаева бүгүн, 27-февралда 39 жашка чыкты. Ырчы айым социалдык тармактагы баракчасына жакындарынын куттуктоолорун бөлүшүп, ыраазычылык иретинде билдирүү калтырган.

"Куш келдиң, жаңы жашым. Куттуу, берекелүү болуп кел! Бардык жакшы каалоо-тилек арнаган досторум, мага каалаган жакшылыктарды сиздерге эселеп кайтышын каалайм! Жакшылыктарда жарышып жүрө берели!",- дейт ырчы айым.
Ырчы алгач "Элегия" жана Кутман Султанов менен бирге аткарган "Тамашалуу ыр" деген ырлары аркылуу эл оозуна алынган.
Айпери Кулбаева 1987-жылы Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Жерге-Тал айылында туулган. Ал ОшМУнун искусство факультетин аяктаган.

Ал 2010-жылы "Маданияттын мыкты кызматкери" наамынын ээси болгон. 2011-жылы Рыспай Абдыкадыровдун 70 жылдыгына арналган "Ырга айланган өмүр" аттуу эл аралык фестивалда "Махабат жөнүндө баллада" аттуу ыр менен Гран-Прини жеңип алган. 2011-жылы Чыңгыз Айтматов атындагы жаштар сыйлыгынын дипломанты, 2014-жылы Даркүл Күйүкова атындагы республикалык сыйлыктын лауреаты болгон.
Үй-бүлөлүү, үч баланын апасы.
Ырчы айым "Супер-Инфо" гезитине өткөн жылы берген маектеринин биринде 2004-жылдан бери чыгармачылык менен алектенип келе жатканын билдирген. "21 жылдан бери дагы деле эмгектенип, изденип келем. 400гө жакын ыр жаздырып, 50дөн ашык клип тарттырдым",- деген ал.
Жылнаама, 27-февраль.
Ырчы Айпери Кулбаева 39 жашка чыкты
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















