WhatsApp билдирүүнү алдын ала даярдоо функциясын ишке киргизет
WhatsApp мессенжери жакында көптөн күткөн жаңы функцияны ишке киргизет. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка караганда, эми WhatsApp мессенжери аркылуу билдирүүнү алдын ала даярдап, каалаган күндү жана убакытты тандап жөнөтүүгө болот. Билдирүүнү алуучуга кат пландаштырылганы көрүнбөйт, реалдуу убакытта жазылгандай болуп барат.
Мындай пландаштырылган билдирүүнү жеке жана топтук чаттарга жөнөтсө болору маалым болду. Бул функция маанилүү нерсени унутуп калуудан корккондор же ыңгайсыз учурда башкалардын тынчын алгысы келбегендер үчүн эң сонун табылга боло алат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















