super.kg logo

Акыйкатчы өзүн өрттөгөн аялдын кош бойлуу кызынын ишин жеке көзөмөлүнө алды

 

Ысык-Көлдүн Ак-Суу айылында өз өмүрүн кыйган 40 жаштагы аял Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн унаа токтотуучу жайында өзүнө-өзү өрт койгон. Бул тууралуу Акыйкатчы институту билдирди.

Маалыматка ылайык, акыйкатчы Жамиля Жаманбаева маркумдун кош бойлуу 16 жаштагы кызынын ишин жеке көзөмөлүнө алган. Ал укук коргоо органдарын бул ишти тыкыр иликтеп, калыс укуктук баа берүүгө чакырган.

Ошондой эле маалыматта маркумдун артында дагы 15 жана 6 жаштагы кыздары жана 14 жаштагы уулу калганы айталат. Аял жолдошу менен ажырашып кеткендиктен 3 кыз, 1 уулун жалгыз багып келген. Аз камсыз болгон үй-бүлө катары каттоодо тургандыктан маркум балдарына 2018-жылдан бери жөлөкпул алчу. Кайрымдуулук фонддорунун жардамы менен өткөн жылы жалгыз бой энеге үй салынып берилген.

"Учурда балдар таежесинин камкордугунда. Жакынкы убакта мамлекет расмий камкорчу маселесин чечет. Кош бойлуу өспүрүм кыз да учурда туугандары менен үйүндө",- деп кошумчалайт Акыйкатчы институту.

Эске салсак, Ысык-Көл облустук милициясы 25-февралда 40 жаштагы аял кызынын кош бойлуу экенин уккандан кийин өзүнө өрт койгонун билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: