Президент уюшкан кылмыштуулук жана коррупцияга каршы 2025-жылкы күрөштүн жыйынтыгын айтты

Бүгүн, 27-февралда өтүп жаткан республикалык жыйында Садыр Жапаров 2025-жылдын жыйынтыктары тууралуу айтып, өлкөдө уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөштөн олуттуу натыйжалар болгонуна токтолду.
Анын маалыматы боюнча, 300дөн ашуун уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү жоопко тартылып, мамлекетке 38 миллиард сом зыян өндүрүлүп кайтарылган. Мындан тышкары, коррупция тамыр жайган мамлекеттик органдардан:
-
959 объект кайра мамлекетке кайтарылган;
-
3,3 миң гектар жер мамлекеттин менчигине алынган.
Бул чаралар мамлекеттик мүлктү коргоо жана ресурстарды кайтарууга багытталган.
Ошондой эле, Жапаров чек ара маселелерин чечүүгө токтолду: Тажикстан жана Өзбекстан менен чек аралардын маселеси жөнгө салынды. Өлкөдө жыл сайын болжол менен 100гө жакын жаңы ишкана ишке киргизилип, бул салтка айланганын белгиледи.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















