Төө-Ашуу ашуусунда киргизилген убактылуу чектөө алынды
Бүгүн, 27-февралда Төө-Ашуу ашуусунда убактылуу киргизилген чектөө алынды, жол ачык. Бул тууралуу “Кыргызавтожол-Түндүк” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.Маалыматка ылайык, ашуунун 132-чакырымында 4 снаряд, 133-чакырымда 4 снаряд жана 135-чакырымда 4 снаряд атылып, кар көчкүнү атайлап түшүрүү иштери жүргүзүлдү. Аткарылган иштердин жыйынтыгында кар көчкү түшкөн жок.
"Сосновка" постунан оор жүк ташуучу унаалар үчүн киргизилген убактылуу чектөө саат 12:10дон тарта алынды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















