Садыр Жапаров акыркы 5 жыл ичинде күч түзүмдөрү реформаланганын билдирди
Акыркы 5 жыл ичинде күч түзүмдөрүн реформалоодо болуп көрбөгөндөй комплекстүү чаралар жүзөгө ашырылды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров республикалык кеңешмеде билдирди.
"Улуттук коопсуздукту, укук тартибин бекемдөө, куралдуу күчтөрдү башкарууну модернизациялоо боюнча реформалар болду. Материалдык-техникалык базалар кеңири жаңыланып, заманбап курал-жарак жана атайын техникалар, тагыраагы, учкучсуз учуучу аппараттар, чалгындоо жана байкоо каражаттары, жогорку тактыктагы коргонуу системдери, заманбап транспорттук жана байланыш каражаттары жүздөгөн миллиард сомго сатып алынды.
Натыйжада өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгү олуттуу чыңдалып, аскер бөлүктөрдүн ыкчамдыгы артты.
Коопсуздук секторун комплекстүү бекемдөө Кыргызстандын соңку жаңы тарыхында буга чейин болгон эмес десем аша чапкандык болбос. Мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылган кызматкерлерди социалдык жактан колдоо да түп-тамырынан бери өзгөрдү. Аскер кызматкерлеринин жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин айлык акылары 3 эсеге көбөйтүлдү",- деди өлкө башчы.
Садыр Жапаров акыркы 5 жыл ичинде күч түзүмдөрүндө реформалоо жүргүзүлгөнүн билдирди
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















